Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры № 32
Покровка айылындагы эски мектептин имаратын, Манас районундагы № 51 кесиптик лицейдин балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылындагы эски мектептин имаратын, Манас районундагы №51 кесиптик лицейдин балансына өткөрүү маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөтүнүн балансында турган Покровка айылынын Кызыл-Туу көчөсүндө жайгашкан эски мектептин имараты, тиешелүү 10200 м.кв аянты менен Манас районундагы № 51 кесиптик лицейдин балансына, кесиптик лицей катары пайдаланууга өткөрүлсүн;
2. Тиешелүү документтери менен АКТнын негизинде өткөрүп берүү жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Өткөрүлгөн жер тилими үч жыл аралыгында максаттуу пайдаланылбаса токтомдун 1 жана 2 пункттары өз күчүн жоготту деп табылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |