Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры № 33
Покровка айылындагы эски сүт товар фермасынын административдик корпусунун имаратын, спорт залга беш жылдык мөөнөткө ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылындагы эски сүт товар фермасынын административдик корпусунун имаратын, балдар жана өспүрүмдөрдүн машыгуулары үчүн спорт зал катары пайдаланууга беш жылдык мөөнөткө ижарага берүү маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы эски сүт товар фермасынын административдик корпусунун имараты, балдар жана өспүрүмдөрдүн машыгуулары үчүн, спорт зал катары пайдаланууга, келишимдин негизинде беш жылдык мөөнөткө ижарага берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |