Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры № 34
Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүүчү жер тилими жөнүндө
Жайылган айылындагы “Бином” айыл чарба кооперативинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, айыл чарба кооперативине тиешелүү эски тамеки сарайынын орду, тиешелүү 6375 м.кв жер аянты менен бирге, бала-бакча куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү маселесин Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылган айылындагы “Бином” айыл чарба кооперативинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, системдик каттоодон 6-03-04-1001-0589 коду менен өткөн айыл чарба кооперативине тиешелүү эски тамеки сарайынын орду, тиешелүү 6375 м.кв жер аянты менен бирге, бала-бакча куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Токтом кабыл алынгандан кийинки үч жыл аралыгында максаттуу иш жүргүзүлбөгөн учурда т.а бала-бакча курулбаса токтом өз күчүн жоготту деп табылсын;
3. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З.Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |