Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 35
2016-жылында берилүүчү түрткү берүүчү гранттар жөнүндө
2016-жылында Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилүүчү түрткү берүүчү гранттарды максаттуу пайлануу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылында Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин түрткү берүүчү грантынын эсебинен берилүүчү акча каражатынын 3 625 200 (үч миллион алты жүз жыйырма беш миң эки жүз) сому Покровка айылдык аймагына караштуу айылдардагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу багытына жумшалсын:
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп, керектелүүчү каражаттын сметасын түзүп, бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануусу айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |