Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18 апрели № XXIV-VI
Гулистан айылдык округунун ЮСАИД уюмунун «Жергиликтүү өнүгүү программасы» менен түзүлгөн келишиминин негизинде, айылдык округунун калкын экономикасын өнүктүрүү максатында, айылдык округунун 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча-каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Гулистан айылдык округу 2011-жылдын апрель айынан баштан, Америка Кошмо Штаттарынын ЮСАИД уюмунун «Жергиликтүү өнүгүү программасы» келишим түзүп, иштешип келүүдө. Кыргызстанда бардыгы болуп, бул программага 24 муниципалитет сыноо-конкурстан өткөн. Бул программанын негизги максаты бизнес жана инвестиция үчүн жергиликтүү шартты жакшыртууда өнөктөш шаар жана айылдык округтарга жардам берүү. Эконмикалык өнүгүүнү колдоо үчүн болгон ресурстардан үзүрлүү пайдаланууга жана кошумча ресурстарды тартууга көмөк көрсөтүү.
Бул программанын негизинде, 2012-жылдын январь айында айыл өкмөтүнүн имаратында бир кабинет ачылды. Программа бул кабинетти керектелүүчү буюмдар менен камсыз кылды (мебель, сейф, компьютер, ж.б.), бардыгы болуп 74 000 сомдук. Андан сырткары 1 жыл боюу, айына 2500 сом толоп, Интернет менен камсыз кылынды. Түзүлгөн келишимдин негизинде, бул программанын келечекте өнүгүүсүнө, прорамманын алдына койгон максаттарына жетүүгө, коюлган тапшырмалардын сапаттуу аткарылышына сезимдүү туртку болот, ошондуктан айылдык округу 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен, акча-каражатын ажыратуусу керек болот. Ушуга байланыштуу, жогоруда айтылгандардын эсепке алып, депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округу менен ЮСАИДтин «Жергиликтүү өнүгүү программасы» ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Гулистан айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 100 миц сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты төмөнкүдөй болуп сарыпталсын:
ü Персоналдын айлык акысы;
ü Проекттерди даярдоого (кагаз, канц. товар, транспорт каражаттары);
ü Орг. техниканы каржылоо (тонер, картридж, антивирус, ж.б.);
3. Бул токтомдун аткарылышы Гулистан айылдык округунун ФЭБ башчысы А. Кадиралиевке жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көземолдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |