Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 36
Ачык соодалоого коюу жөнүндө
Манас РМВБнын башчысы М. Туралиевдин арызынын негизинде, 2015-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринде болгон кеңешменин № 19-3113 сандуу протоколунун 4-пунктун жетекчиликке алып, Покровка айыл аймагында атайын заманбап мал союучу жана оорулуу малдарды ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көзөмөлдөөчү жайын салууга максатында, Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтын жеке менчикке сатууга ачык соодалоого (аукционго) коюу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке алып Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылындагы муниципалдык менчиктеги төмөндөгү жер аянты жеке менчикке сатуу максатында ачык соодалоого (аукционго) коюлсун:
– Покровка айылындагы мурдагы сүт-товар фермасынын күн батыш тарабында жайгашкан эски кара малдын жампасын (навозохранилеще) сактоочу жайын тиешелүү 4000 м.кв жер аянты менен мал союучу жай куруу максатында;
2. Аталган жер аянтын ачык соодалоого коюу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу А.Бердикеевге тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |