Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
21015-жылдын 16-ноябры № 38
Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүүчү жер тилими жөнүндө
Покровка айылынын тургуну А.Кермалиевдин, Покровка айылындагы Р.Джолдошев менен Т.Райымжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1200 м.кв жер тилимин мечит куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну А.Кермалиевдин, Покровка айылындагы Р. Джолдошев менен Т. Райымжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги системдик каттоодон 6-03-04-1001-2560 коду менен өткөн 1200 м.кв жер тилими, жер ээсинин арызынын негизинде айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т. Базакечовго тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З. Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |