Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 39
Спорт залга жер тилимин бөлүп берүү жөнүндө
Покровка айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде, балдардын жана өспүрүмдөрдүн машыгуулары үчүн спорт зал куруу максатында, Покровка айылындагы муниципалдык менчикке тиешелүү стадиондун түштүк тарабынан, футбол аянтчасына тиешелүү 2,45 га жер тилиминен 0,30 га жер тилимин бөлүп берүү маселесин Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн машыгуулары үчүн спорт зал куруу максатында, Покровка айылындагы муниципалдык менчикке тиешелүү стадиондун түштүк тарабынан, футбол аянтчасына тиешелүү 2,45 га жер тилиминен 0,30 га жер тилими бөлүнүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүп, көрсөтүлгөн жер тилимин бөлүп берүү жагы, Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З. Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |