Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры №40
Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүүчү жер тилими жөнүндө
Покровка айылынын тургуну У.Каниевден, Покровка айылындагы Н.Каниев көчөсүндөгү 2000 м.кв жер тилимин мечит куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну У.Каниевдин, Покровка айылындагы Н.Каниев көчөсүндөгү системдик каттоодон 6-03-04-1001-1660 коду менен өткөн 2000 м.кв жер тилими, жер ээсинин арызынын негизинде мечит куруу максатында айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З. Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |