Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 41
Айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүүчү жер тилими жөнүндө
Сөгөт айылынын тургундарынын, Сөгөт айылындагы эски мечиттин имаратын тиешелүү жер участогу менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын Покровка айылдык кеңеши карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сөгөт айылындагы эски мечиттин имараты, айыл тургундарынын кайрылууларынын негизинде тиешелүү жер участогу менен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин;
2. Тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясынын төрагасы З.Алтымышбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |