Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-ноябры № 42
“Афган согушунун катышуучуларынын музейине” материалдык жардам берүү жөнүндө
Манас районундагы Афганистан согушунун ардагерлеринин “Шурави” коомдук бирикмесинин төрагасы С. Курманбаевдин кайрылуусунун негизинде, Покровка айылындагы “Афган согушунун катышуучуларынын музейинин” ички жасалгасына жана тарыхый экспонаттарды чогултууга материалдык жардам берүү максатында Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Афганистан согушунун ардагерлеринин “Шурави” коомдук бирикмесине, Покровка айылындагы “Афган согушунун катышуучуларынын музейинин” ички жасалгасына жана тарыхый экспонаттарды чогултууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнсүн;
2. КЭБнүн башчысы К. Жунусбаевге, бөлүнгөн акча каражатын которуу жагы тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |