Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015 жылдын 4-апрели № 1
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында калктын саны 2015-жылдын 1-январына карата 9038түзүп, анын 90 пайызы кыргыз улуттундагы, 10 пайызы түрк жана өзбек улуттундагы жарандар түзөт. Бирок Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы калкынын 100 пайызы кыргыз тилинде сүйлөшөт, ошондуктан айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын, токтомдорун, буйруктарын кыргыз тилинде жүргүзүү максатында Ак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн токтом,буйрук билдирүү кат, сунуштар, маалыматтар жана башка иш кагаздары мамлекеттик кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Орунбаев |