Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 2
Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн “2013-жылга жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджеттин бекитүү” жөнүндө
Ак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн 2015-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде, Ак-Таш айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында талкуланып, депутаттардын Ак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше бөлүгү 2014-жылда 13795,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 11591,0 миң сомго, киреше бөлүгү чыгаша бөлүгүнөн 2204,5 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин.
2. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджеттинде калган 2204,5 миң сом өлчөмүндөгү калдык кошумча сметанын негизинде жумшалсын.
3. 2015-жылга карта Ак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жалпысы 9028,9 миң сом анын ичинен атайын счет 874,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ак-Таш айыл өкмөтүнүн аппаратында иштеген кызматкерлердин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №384 Токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги анын ичинен 3 айыл башчылардын штат бирдиги (эмгек акысы жетектөөчү адис коэффициенти менен), кенже кызматкерлерге 2 штат бирдиги бекитилсин жана чинге кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин.
5. 2015-жылдын бюджетин аткарууда Ак-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Абдиллажановага жыл ичи бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, толуктоо укугу берилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айылдык кеңештин бюджетбоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Орунбаев |