Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-апрели № 3
Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылынын тургуну А.Мамараимовтун турак үйүнө 60 орундук балдар бакчасына өзгөртүү жөнүндөгү арызын кароо жөнүндө
Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылынын тургундарын суроо талаптарын жана А.Мамараимовтун турак үйүнө балдар бакчасын ачуу үчүн жеке менчик турак үйүн өзгөртүүгө руксат берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып Ак-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылынын тургуну Мамараимов А.С. таандык Ак-Таш айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан жеке менчик турак үйүн балдар бакчасына өзгөртүүгө жана балдар бакчасын ачууга руксат берилсин.
2. Ак-Таш айылынын тургуну А.Мамараимовтун үйүн балдар бакчасына өзгөртүп бала бакча ачуу үчүн тийиштүү иш кагаздар даярдап мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана финансы булактары чечүү жагы Ак-Таш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджетин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Орунбаев |