Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 162
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жетишпестик (дифицит) 6686,2 миң сом акча каражаты жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше булагынын түзүлүшү 8453,5 миң сом, теңдештирүү гранттан 931,5 миң сом, бардыгы 9385,0 миң сомду түзөт .
2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше булагы жалпы 9385,0 миң сомду түзөт.
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча чыгаша бөлүгү жалпы 16071,2 миң сомду түзөт.Жетишпестик (дифицит) 6686,2 миң сом болууда.Жогорудагыдарды белгилеп Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жетишпестик (дифицит) 6686,2 миң сом акча каражатын 2016-жыл үчүн Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттан кошумча бөлдүрүп берүү жагын Үч-Терек айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суранат.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жетишпестик (дифицит) 6686,2 миң сом акча каражатын 2016-жыл үчүн Республикалык бюджеттен теңдештирүүчү грантынан кошумча бөлдүрүп берүү жагын суроо үчүн Токтогул райондук финансы бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ѳ. Сулайманов |