Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-январы № 161
Кашка-Терек участкасынан карьер ачууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Осмон-Ата сезондук ченемдөөчү бассейиндин курулушу башталгандыгына байланыштуу дамбанын алдынкы бетине (зеркало) полэтилен пленка жаткыруу үчүн пленканын алдына талапка жооп берээрлик топурак төшөөгө Кашка-Терек участкасынан пайдаланылбай жаткан жерден топурак алуу үчүн карьер ачуу жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылынын Осмон-Ата участкасындагы сезондук ченемдөөчү бассейин БСРдин курулушунун башталгандыгына байланыштуу Кашка-Терек участкасынан карьер ачуу үчүн 5 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Кашка-Терек участкасынан бөлүнүп берилген жер аянтына тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Абазовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |