Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылыдын 16-январы № 162
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевдин отчету жөнүндө
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону өткөрүүдө жаңы ыкма менен мындайча айтканда биометрикалык каттоо жолу өткөрүлдү. Биометрикалык каттоодон өткөн шайлоонун тизмесине кирген шайлоочулардын көпчүлүгүнүн катышуусунда тынчтыкта жана таза өткөрүлгөндүгү өзүңүздөргө маалым.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой чарбалык иштер талаачылык жана мал чарбачылыгы тармагында жүргүзүлөт.Талаачылыктагы жалпы 2894 га жердин 1000 гектары суугат айдоо жер,18947 гектары кайрак айдоо жер болуп эсептелет.Жогорудагы көлөмдөгү жер аянттарынын 25% пайызы мамлекеттик фонддо же болбосо ортолукка калтырылган.Тилекке каршы кайрак үлүш жерлер райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан чектери чектелбей бөлүнүп берилбей калган. Ал эми үлүш ээлери ошол жер реформасы жүргөн күндөн бүгүнкү күнгө чейин жер салыктарын жана социалдык төлөмдөрүн өз убагында төлөп келишүүдө.
Бул маселе боюнча бир нече жолу атуулдардын кайрылуусунун негизинде тиешелүү органдарга кайрылганбыз жана бул маселе 2016-жылдын жай айларында мам.каттоо адистери тарабынан ар бир айылдын чектери чектелип берилээри убада кылынууда .
Айдап себүү иштери айыл өкмөт тарабынан иштелип чыккан жана айылдык кеңештин сессиясында бекитилген раценканын негизинде жүргүзүлдү жана бул маселеде олуттуу даттануулар болгон жок.Айдап себүү иштери толугу менен өзүбүздүн механизаторлордун күчү менен бүткөрүлдү.
Ошондой эле көл баскан Үч-Терек жана Саргата айылдарына караштуу 300 гектарга чамалуу айдоо аянттарына жүгөрү,буудай эгиндерин айдап себишкен.Айдап себүү өнөктүгүнө үрөөндөр жана күйүүчү майлар дыйкандар тарабынан камсыздалды.
Эгилген эгиндерди суугат суу менен камсыз кылууда райондук суу тармактар башкармасынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жана Жетиген суу пайдалануучулардын бирикмесинин кызматкерлери тейлөө кызматтарын көрсөтүштү.Быйылкы жылы жайдын июнь,июль айларында күндүн ысык келгендигинен суугат суу менен камсыз кылууда Үч-Терек айылынан Кум-Ой участогундагы ижарачыларда суугат суу көйгөйү орун алды.Бууракан суусунун өлчөмү өткөн жылы жай мезгилинде 300 литрге чейин төмөндөп кеткендигинен коңшулаш,Кара-Жыгач айылы менен ар бир айылга үч күндүк мөөнөт менен суугат суу берүү графигине өтүү менен маселени жоюу аракеттери жасалды.
Ал эми Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарындагы дыйкан чарбаларды суугат суу менен камсыз кылууда олуттуу маселелер болгон жок.
Айыл өкмөт боюнча өткөн жылы 6 ротордук чөп чапкыч,3 чөп таңгактоочу прессподборщиктер иштешти жана көпчүлүк дыйкан чарбалар ошол кызматтан пайдаланышты.
Айыл чарбасынынын негизги тармактарынын бири болуп мал чарбачылыгы болуп эсептелет.
Айыл өкмөттүн жашоочуларынын 1-январь 2015-жылга карата 4301 баш кара мал ,659 баш жылкы, 20028 баш кой эчки ,4347 баш канаттуулар катталган же болбосо 2014-жылга салыштырмалуу кара малдар 2 % , жылкылар 1,8 % жана кой эчкилер 4,8 % өсүш берген.Мал чарбачылыгынын тейлөөдө айыл өкмөттө атайын өкмөт тарабынан каржылануучу 1ветернардык адис жана 3 өзүн өзү каржылоочу ветеринардык кызматкерлер жана жайыттар менен тейлөө үчүн жайыт комитети кызмат кылууда.
Ветеринардык иш-чаралар боюнча 2015-жылы бруцелез,кара сан жана чечек сыяктуу ооруларга каршы вакциналар жаз айларында келбей калып,бул иш чаралар күз айларында бүткөрүлгөн. Жалпысынан айыл өкмөтүнө караштуу 63346га жайыт жери болсо аларга бүгүнкү күндө жайыт билеттерин алып колдонуп келишет, 34000 гектар калган жерлер жакынкы жана алыскы жайыттар болуп саналат. Өткөн жылы жайыт комитети тарабынан жайыт акысына 700 000 сом акча каражаты чогултуу каралса күзүндө 623 750 сом чогултулуп,мунун ичинен Кара-Көл жайлоосунан 306,850 сом,Үч-Терек аймагынан 296900 сом чогултулган.Чогултулган акча каражатынан 167 000 сом айыл өкмөткө жер акысына которулган.
Инвестиция тартуу боюнча
Жетиген айылы ФАПтын долбоору,Саргата айылынын балдар бакчасынын долбоору,Үч-Терек айылындагы спорт комплекси долбоору,Үч-Терек,Саргата айылдарына таза суу долбоору,Карды-Жарык жана Улуу-Кент каналдарынын долбоорлору Үч-Терек айылы,Такталык каналынын 3 чакырымынын долбоору жана Ак-Жар участогунун 2 чакырымына шагул төгүү долбоору Жетиген айылы
Пилоттук айыл өкмөт катары
1.Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы.
2.Айылдык консултация берүү уюму (күнөскана куруу, тамчылатып суугаруу тоок багуу ж.б)
3.АРИСтин жайыт программасына мал жуут, жайлоого кеткен жолдорду салуу, жасалма уруктандыруу пункуттарын ачуу, көпүрө салуу ж.б.
Социалдык жана чарбалык багытта төмөндөгүдөй долбоорлор аткарылды
Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата Кызыл-Ураан айылынын жашоочуларынын демилгеси менен 650 миң сом,жеке ишкер О. Артыкбаев тарабынан 200 миң сом каржыланып, согуштун катышуучуларына арналган эстелик орнотулуп ,850 миң сомдук иштер аткарылган.Кызыл-Ураан айылындагы «Дилдайым апа» атындагы балдар бакчасына Кытай Эл Республикасынын ТWЕА компаниясынын көмөгү менен 1,5 (бир миллион беш жүз миң сомдук ) инвентарлар алынып берилген.
Ошондой эле Үч-Терек айылында «Сатимбү апа» атындагы балдар бакчасы ишке киргизилип,бала бакчанын имаратына,ремонт иштерине жана инвентарларды алууга жеке ишкер О.Артыкбаев жана Шукурбаевдин үй-бүлөөлөрү 5900 ( беш миллион тогуз жүз миң )сом акча каражатын бөлүп берген .
М.Нургазиев атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүнүн жардамы менен мектептин айланасы 160 мин сом акча каражаты менен тозулду.Кийинки жылдары айыл өкмөттө спорт курулушу дагы колго алынууда.Атап айтсак Саргата айылындагы жаштардын демилгеси менен 500 (беш жүз) миң,жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом , жана жеке ишкер О.Артыкбаевдин жеке колдоосу менен 750 миң сом жалпысынан 1500 (бир миллион беш жүз миң) сомдук иш аткарылып,кичи футбол аянтчасынын курулушу толук бүткөрүлүп эл кызматында.
Ошондой эле Үч-Терек айылында дагы спорт комплексинин курулушуна 100 миң сом жергиликтүү бюджеттен жана 1500 (бир миллион беш жүз ) миң сом акча каражаты О.Артыкбаев тарабынан каржыланып курулуш иштеринин 60 % пайызы бүткөрүлдү.
Экинчи долбоор Т.Абдиев атындагы маданият үйүнүн көрүүчү залынын
ремонту 1500 ( бир миллион беш жүз миң) сомго сапаттуу бүткөрүлдү. Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблиясынын көмөгү менен өткөн жылы дагы 25 жетим балдар кошулуп айыл өкмөт боюнча жөлөк пул алуучулардын саны 66 балага жетип ,бул уюм тарабынан 1.613 ( бир миллион алты жүз он үч ) миң сом акча каражаты каржыланган.
Айыл өкмөттүн 2015-жылдагы негизги курулуштарын орчундуусу болуп көп жылдан бери ишке ашпай келген көйгөйлөрдүн бир болгон Осмон-Ата участогундагы суу сактагычтын долбоору райондук атайын эсебинин каржылоосу менен 15 миллион сомго белгиленип бүгүнкү күндө 9,5 млн сомдук иштер аткарылды.
Жетиген айылына Кызыл-Ураан подстациясынан электр чубалгысы тартылып жалпы наркы 6,5 миллион сомдук иш аткарылды. Жалпысынан айыл өкмөткө 2015-жылы 37274 ( отуз жети миллион эки жүз жетимиш төрт миң) сомдук инвестиция тартылган.
СОЦИАЛДЫК БАГЫТТА
Өткөн жылы айыл өкмөттүн айылдарында 2 бала бакча ачылып 150 балдар тарбияланууда.
2015-жылы көчөлөрдү түнкү жарыктандыруу боюнча Үч-Терек айылынын З.Акаев,А.Жээналиев, Т.Бекназаров, Убайдылда жана Кошалиев Эрчитбек көчөлөрүнө түнкү жарык шамдары коюулган,
Өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун азык түлүк программасы боюнча пилоттук негизде өткөндүктөн бул прогромманын алкагында айылдарда жашоочулар менен атайын тренингдер өткөрүлүп ,айыл өкмөт боюнча Кызыл-Ураан айылында Байбиче-Булак суу түтүкчөсүнүн баш жагын тазалоо,Осмон-Ата БСР дин курулушу , Жетиген айылындагы Жапа-Булак суу түтүкчөсүнүн булактын көзүн тазалоо ,Ак- Жар участогундагы 2 чакырым көчөнүн ичинде жолдорду оңдоо ,Упа-Булак капчыгайындагы жолдорду оңдоого жана Тар-Тулук капчыгайына эки мал өтүүчү көпүрөлөрдү салуу боюнча долбоорлор даярдалып,өткөн жылдын эсебинен Кызыл-Ураан айылындагы суу түтүкчөлөрүндөгү жана Осмон -Ата БСР и боюнча эки долбоор аяктап жалпысынан 187 адамга ун жана өсүмдүк майлары таратылып берилди.
Үч айылдын ишке тартылган жашоочуларына 43тонна ун жана 4,1 тонна өсүмдүк майларын алышты.Калган 4 долбоорлордун иш көлөмдөрү өткөрүлүп бүткөн жана ал долбоорлорго 83 адам катышкан, тиешелүү азыктары жакынкы күндөрү таратылып берилмекчи.
Айыл өкмөт тарабынан 2015-жылы төмөндөгүдөй колдоолор көрсөтүлгөн.
Кесиптик майрамдар үчүн 11 500(он бир миң)сом ,1-июнь бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата 4600 сом ,3-декабрь майыптар күнүнө 37500 сом,1-октябрь карыялар күнүнө 31000 сом ,ЧАЭС күнүнө карата 11000 сом, 9-май жеңиш күнүнө 41000 сом,нооруз майрамына 16000, 8-март Эл аралык аялдар күнүнө 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Ошондой эле турмуш шарты оор 46 адамга 38800 сомдук көмүр отун таркатылып берилди.
2015-жыл ичинде айыл өкмөт боюнча 330 адамдан жөлөк пул алуу алуу боюнча арыз менен жаш үй-бүлөөлөр кайрылышса, алардын арыздары комиссия тарабынан турмуш шарты иликтенип райондук социалдык жардам берүү башкармалыгынан пособиелер чектелген.
Өткөн жылы айыл өкмөттүн карамагындагы мектептердин ремонт иштерине жана башка чыгымдарына төмөндөгүдөй өлчөмдө акча каражаты бөлүнүп берилген.
М.Нургазиев орто мектебине 38,0миң сом,К.Токторалиев 39,4 миң сом,Бекназар орто мектеби 40,6 миң сом,Артыкбаев атындагы орто мектеби. 27,0,Салаев орто мектеби: 116,2 миң сом ,Молдомусаев мектеби 47,5 миң сом, Ызаков мектебине 8,0 миң сом,«Жылдыз» бала бакчасы 44,4 миң сом,
«Чабалекей» 160,0 миң сом, Ошондой эле клубдарга: 30,0 миң сом.
Үч-Терек инженердик техникалары муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө.
Ишкана негизги иш катары айыл өкмөттө иштелип чыккан жана сиздер тарабынан бекитилген иш чаралардын негизинде иш алып барды.
Иш чарада белгиленген иштерден толугу менен аткарылып,Үч-Терек айылы боюнча 379965 сомдук,Саргата айылы боюнча 464088 сомдук,Кызыл-Ураан айылы боюнча 223067 сомдук жана Жетиген айылы боюнча 1 307 353 (бир миллион үч жүз жети миң үч жүз элүү үч )сомдук иштер аткарылып.Жалпы айыл өкмөт боюнча ишкана тарабынан 2 379 473(эки миллион үч жүз жетимиш тогуз миң төрт жүз жетимиш үч) сомдук иштер аткарылган.Жогоруда иштерди аткарууга айыл өкмөт тарабынан 5158 литр күйүүчү май же болбосо 194 315 сомдук акча каражаты сарпталган.Ишкана
өткөн жылы жеке эле иш чарадагы иштерди аткарбастан жеке адамдарга дагы кызмат көрсөтүү иштерин жүргүзгөн.
«ЭКОНОМИКАЛЫК БАГЫТТА»
Айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизги өзөгүн финансалык кирешелердин түшүшү болуп саналат.Айыл өкмөттүн 2015-жылга жергиликтүү жана республикалык бюджеттин аткарылышы төмөндөгүчө маалымдалат.
1.Жергиликтүү бюджетке -2015-жыл ичинде салык төлөмдөрүнүн жана башка ар түрдүү чыгымдардан түшкөн акча каражаты план боюнча 7 364,7 (жети миллион үч жүз алтымыш төрт миң )сом болсо, накталай аткарылганы 7 710,5 миң сом болуп, план 104,7% миң сом болсо аткарылган.
2. Атайын каражаттан 1 529,1(бир миллион беш жүз жыйырма тогуз) миң сом акча каражаты түшкөн.
3. Атайын фонддон 400,0 миң сом акча каражаты түшкөн.
4. Теңдештирүү гранттан маданият тармактарына 766,0 миң сом.
5.Республикалык бюджеттен (сред .предоваемое) 3 306,3 миң сом акча каражаты түшкөн.
Жалпы айыл өкмөттүн 2015-жыл ичинде бюджети 13 711,9(он үч миллион жети жүз он бир миң тогуз жүз) миң сом акча каражатын түзгөн.
Калдык 01.01.2015-жылга 620,5 миң сом.Салыктан: 7 710,5миң сом, Атайын каражат 1 529,1 миң сом, Атайын фонддон 400,0 миң сом,Теңдештирүү грант 766,0 миң сом, Средства передоваемое 3 306,3 миң сом,жалпы калдык менен 14 332,4 миң сом.
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015 –жылга бюджети план боюнча 13 366,1миң сом каралып,накталай аткарылганы 13711,9 миң сомду түзүп жалпы 102,6% ке аткарылды. Жылдын башындагы калдыкты кошпогондо.2015-жылдагы 14 332,4 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй тармактарга чыгымдалды.
Аппарат жана маданият тармактардын эмгек акысы ,соц фондго чегерүү үчүн 7 674,3 миң сом.
Сапар чыгымдары үчүн 287,0 миң сом.Даталуу күндөр жана башка иш чаралар үчүн запастык фонддон 414,4миң сом.Электр энергиясы үчүн төлөмдөргө 2 782,4 миң сом.
Бала бакчаларга тамак аш үчүн 801,1 миң сом.Учурдагы оңдоо иштери үчүн 952,3 миң сом. Көмүр сатып алуу үчүн 270,0 миң сом.Күйүүчү жана майлоочу майга 497,0 миң сом
Жеңилдиктер үчүн 76,5 миң сом.Ар кандай чарбалык чыгымдар үчүн 450,6 миң сом.
Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин XXXII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевдин 2015-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
1.2. 2015-жылы Үч-Терек айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылбай жаткан токтомдору боюнча айыл өкмөт башчысына эскертүү берилсин.
1.3. Эмгек келишимдери түзүлбөгөн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кызмат ордуна
конкурс жарыялоо жагын тез арада колго алуу айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш кылынсын.
1.4. Үч-Терек айылдык кеңешинин бюджетин бөлүштүрүү боюнча токтомдор так аткарылбагандыгы үчүн эскертүү берилсин.
1.5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылга карата иш планы алымча кошумчасы менен кабыл алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
2016-жылга аткарылуучу иш чараларын аткарылышын камсыз кылуу;
- тазалыкты камсыз кылуу иштерин уюштуруу жана айылдардагы таштанды төгүүчү
аңдарга (яма) таштанды төгүүчү жай экендиги жөнүндө белги берип туруучу щиттерди
орнотуу.
- инвесторлор менен иш алып баруу жана инвестициаларды тартуу;
-жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттардын социалдык секторду колдоого жумшалышын камсыздоо;
-2016-жылга суугат суу сезонуна карата арыктарды, каналдарды тазалоо боюнча УОС менен тыгыз иш алып баруу жана Кум-Ой участкасындагы ижара жерлерге сугат сууну үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн эски каналды ачуу;
- жазгы талаа иштерине даярдыктарды көрүү,айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында сапаттуу аяктоо,жазгы талаа жумуштарына карата күйүүчү, майлоочу майларды жана жазгы айдап себүүгө керектелүүчү үрөөндүн эсебин жана жер семирткичтерге болгон муктаждыктарды аныктап чыгуу жана жеңилдетүү жолу менен күйүүчү, майлоочу майлар жана үрөөн менен камсыздоо чараларын көрүү;
3.Жазгы айдап себүү жумуштарын мөөнөтүндө аяктоо менен жогорку түшүм алуу үчүн болгон аракеттерди жасоо жагы айыл башчыларына, жер адисине, статист-экономист С.Жолдошовага, айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж. Казимидиновго милдеттендирилсин.
4.Жарандардын арыз даттанууларына,өтүнүч суроо талаптарына сергек мамиле жасап, өз убагында тиешелүү мекемелер менен бирдикте чечип берүүгө көңүл буруу жагы айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5.Үч-Терек айыл аймагындагы клубдарга сыртан келип концерт,кино коюуда ижара акыларына түшкөн акча каражаттарын айыл өкмөттүн эсебине түшүрүү жагы каралсын.
6. Жугуштуу ооруларды алдын ала болтурбоо чараларын көрүү, балдардын өлүмүн азайтуу, кургак учукка каршы дарылоо иштерин жүргүзүү жагы ЖДПБ, ГСВ, ФАПтардын башчыларына милдеттендирилсин.
7. Укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрөшүү,мектеп окуучуларынын арасында тартипти чындоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү жагы уч.инспекторго, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына тапшырылсын.
8.Эл аралык экстремисттик диний уюмдардын мыйзамсыз иш аракеттерине катышууга жаш балдарды тартууга алдын ала жол бербөө боюнча айылдардын баш имамдары жана коомчулук менен бирдикте иш аракеттер жүргүзүлсүн.
9.Жугуштуу ооруу менен ооруп өлгөн(бруцеллез,кара сан ж.б) малдардын өлүктөрүн таштап өртөө үчүн ар бир айылдарга аң (яма) каздырып берүү жана анын жер аянтын тактап берүү жагы жер адиси К.Абазовго жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
10.Айыл аймактын айылдарында малдарды жугуштуу ооруларга карата эмдөө максатында малдардын так санын алуу жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү өз убагында толук жүргүзүү жагы вет.адис К. Жумабековго жана Үч-Терек жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин төрагасы Ж,Сатыбаевге милдеттендирилсин.
10.Ветеринардык атайын кийимдерди (спец одежда),хирургиялык инструменттерди алып берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
11. Жеке вет.адистер менен вет.врач К.Жумабековдун ортосунда эмгек келишимдери түзүлсүн жана түзүлгөн келишимде алардын элге кызмат көрсөтүүдөгү милдеттери толук жана так көрсөтүлсүн.
12. Жакынкы жайыттардан малдарды белгиленген мөөнөтө өз убагынан кечиктирбей чыгаруу жана белгиленген мөөнөттө көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,иш алып баруу жагы жайыт комитети жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
13. Малдарга кол салган жолбун иттерди жана карышкырларды атуу боюнча райондук мергенчилер коому биргеликте иш алып баруу жагы колго алынсын
14.Зордук зомбулукка кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү изилдөө иштерин жүргүзүү, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө,тоголок жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү жана кайрымдуулук акцияларын уюштуруу жагы соц. адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
14.Маданият,дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүдө аймактык денгээлде ар кандай спорттук мелдештерди жана маданий иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү жагы айылдык клубдардын жетекчилери,айыл өкмөттүн жаштар уюуму жана дене-тарбия мугалимдери менен бирдикте уюштурулсун.
15.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге тапышырлсын.
16.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
17.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө.Сулайманов |