Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 153
Куршаб айыл ѳкмѳтγнγн 2015-жылы аткарган иштеринин отчету жѳнγндѳ
Куршаб айыл аймагын социалдык экономикалык жактан ѳнγктγрγγдѳ 2015-жыл ичинде айыл ѳкмѳтγ башчысынын аткарган иштерин угуп жана талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги ХХVI отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 6-гл. 46-беренесинин 3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Куршаб айыл аймагын социалдык экономикалык жактан ѳнγктγрγγдѳ 2015-жыл ичинде айыл ѳкмѳтγ башчысынын аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Мындан ары айылдык кеңештин депутаттары менен тыгыз иш алып баруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ж. Калбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы мыйзамдуулук, укук тартипти чыңдоо, этика, маданият, жаштар жана спорт боюнча комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Т.Х. Ахунов |