Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09 июлу № XXV-I
2012-жылдын октябрь айында Гулистан айылдык Кеңешке депутаттарды шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө сунуш берүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктчасынын, "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-2-3 пунктарын жана ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн айылдык округдун аймагындагы элдүү пункттардагы калктын саны боюнча 2012-жылдын 1-январына карата берген маалыматынын негизинде Гулистан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын октябрь айында Гулистан айылдык Кеңешине депутаттарды шайлоого карата көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Гулистан айылдык Кеңешинин аймагында көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү боюнча сунуш Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |