Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 166
Эски Кырмандын бош жаткан жер аянтын келечекте социалдык обьектилердин курулушу γчγн калтыруу жѳнγндѳ
Айыл, суу чарба, ѳнѳр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча комиссиясынын, Социалдык маселелер, жаштар жана дин иштери боюнча комиссиясынын билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски Кырмандын бош жаткан 1га жер аянты келечекте социалдык обьектилердин курулушу γчγн калтырылсын.
2. Бош жаткан аянтка таштанды таштатпай, ѳз деңгээлинде таза кармоо Мырза-Аке Тазалык ишканасына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кимсанов |