ТоктомКүчүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2016-жылдын 16-февралындагы № 168 «Мырза-Аке айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга карата иш-планын бекитγγ» токтому

Редакция16.02.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 16-февралы № 168

Мырза-Аке айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга карата иш-планын бекитγγ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXVII сессиясы аталган маселе боюнча Мырза-Аке айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын билдирγγсγн угуп жана талкуулап 2016-жылга карата иш-планынын долбоору менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 50-беренесин жетекчиликке алып, тѳмѳндѳгγдѳй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл ѳкмѳтγнγн 2016-жылга карата иш-планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. Бекитилген иш-пландын негизинде иш алып баруу айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Р. Мырзакуловко милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов