Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-ноябры № 3
2015-жылдын жергиликтγγ бюджетине ашыкча тγшγγчγ акча каражаттарын кошумча жумуштарды аткаруу γчγн сарптоого макулдук берγγ жѳнγндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтγнγн башчысы М.Насирдиновдун 2015-жыл ичинде жергиликтγγ бюджеттин болжолдуу планынан ашыкча тγшγγчγ акча каражаттарын кошумча аткарылуучу жумуштарга жумшоо γчγн уруксат сураган билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2015-жыл ичинде жергиликтγγ бюджеттин болжолдуу планынан ашыкча тγшγγчγ акча каражаттарын кошумча аткарылуучу жумуштарга сарптоого макулдук берилсин.
2. Жергиликтγγ бюджетке жогорудагы кошумча тγшγγчγ акча каражаттарынын кѳлѳмγн аныктап, кошумча аткарылуучу жумуштарга ажыратып берγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБγнѳ милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Жунусов |