Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-ноябры №4
КБФунун ижарага берилген жерлеринин мѳѳнѳтγ бγткѳндγгγнѳ байланыштуу тоорук ѳткѳрγγ γчγн жерлердин алгачкы баасын белгилѳѳ жѳнγндѳ
Депутаттар айыл ѳкмѳтγнγн жер адиси А.Динбаевдин КБФунун ижарага берилген кээ бир жерлеринин мѳѳнѳтγ бγткѳндγгγнѳ байланыштуу аларды кайрадан тоорукка коюп, алгачкы баасын белгилѳѳ зарыл экендиги жѳнγндѳгγ билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Кашкар- Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.КБфунун ижарага берилген жана мѳѳнѳтγ бγткѳн тѳмѳндѳгγ айылдардагы,
Кенжекул айылы боюнча :
№ 141-контурда жайгашкан – 8,10 га ;
№ 101-контурда жайгашкан – 3,0 га ; сугат айдоо жер аянттарынын старттык баасы 1га – 4300 сомдон, кадамы 400 сомдон ;
Мѳнѳк айылы боюнча :
№ 17- контурда жайгашкан – 2,40 га кѳп жылдык бак-дарак (тыт багы) аянтынын старттык баасы 1 га – 3000 сомдон, кадамы 300 сомдон,
Жарооз айылы боюнча :
№ 445-контурда жайгашкан – 3,30 га сугат айдоо жер аянтынын старттык баасы 1 га – 2000 сомдон, кадамы – 200 сомдон ;
№ 437-контурда жайгашкан – 6 га кѳп жылдык бак-дарак (тыт багы) аянтынын старттык баасы – 1200 сомдон, кадамы – 120 сомдон;
Кайрагач айылы боюнча :
№ 703-контурда жайгашкан – 2,0 га сугат айдоо жер аянтынын старттык баасы - 3000 сомдон, кадамы – 300 сомдон белгиленсин.
2. Айыл ѳкмѳтγнѳ – тоорук ѳткѳрγγ боюнча иш кагаздарын даярдоо жагын жана аракеттеги мыйзамдардын талаптарын сактоо менен ѳткѳрγγнγ камсыз кылсын.
3. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин жер маслелери боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Жунусов |