Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-ноябры № 5
Айыл ѳкмѳтγнγн кадрлар бѳлγмγнγн башчысы Орозбаева Кымбаттын арызын кароо жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасынын жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жѳнγндѳгγ” мыйзамынын 9-беренесинин 1-абзацынын 7-пунктунун негизинде айыл ѳкмѳтγнγн кадрлар бѳлγмγнγн башчысы К. Орозбаеванын Ош Технологиялык Университетинде контрактык негизде окуп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, анын кѳп жылдык эмгегин, жалгыз бой эне жана γч баланы тарбиялап, окутуп жаткандыгын эске алып айылдык кеңеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн кадрлар бѳлγмγнγн башчысы К. Орозбаеванын билимин ѳркγндѳтγγгѳ 2015-жыл γчγн 20400 (жыйырма миң тѳрт жγз) сом ѳлчѳмγндѳ контракттык сумманы тѳлѳѳ γчγн материалдык жардам кѳрсѳтγлсγн.
2. Айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБγнѳ чыгымдарды башкаруу аппаратына бѳлγнгѳн каражаттардын эсебинен ажыратып берγγ жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага | Б. Жунусов |