Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09 июлу № XXV-II
(Гулистан айылдык округунун аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 2012-жылдын 23-июлундагы № 205 буйругунун негизинде гранттык каражаттарды жеке менчик ветеринардык адистерге бөлүштүрүү жөнүндө)
Гулистан айылдык округунун аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистерди колдоо максатында Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 2012-жылдын 23-июлундагы № 205 буйругунун негизинде гранттык каражаттарды жеке менчик ветеринардык адистерге бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңеши карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун аймагындагы "Айболит" менчик ветеринардык сервистин башчысы Расулов Адылжанга Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан берилген гранттык каражаттар бөлүнүп берилсин.
2. Гулистан айылдык округунун аймагындагы жеке менчик ветеринардык сервистик ишканасына Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан берилген гранттык каражат максаттуу пайдалансын жана мал чарба тармагында сапаттуу тейлөө уюштуруп жана жайыт комитети менен биргеликте иш жүргүзсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин Айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |