Загрузка документа…
ТѲЛѲЙКѲН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 22-1
Тѳлѳйкѳн айылына таза суу жеткирγγ γчγн акча каражатын бѳлγγ жѳнγндѳ
“Данги- Суу” таза суу пайдалануучулардын коомдук бирикмесинин кайрылуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн алдындагы мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу ичγγчγ суу менен камсыздоону жана агындылоочу ѳнγктγрγγ департаментинин 2016-жылга кабыл алынган иш-чараларынын жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳзγн-ѳзγ башкаруу жѳнγндѳ” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бѳлγмγнγн 4-бѳлγмчѳсγнγн талабына ылайык Тѳлѳйкѳн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2018-жылдагы Тѳлѳйкѳн айылынын ичγγчγ таза суу менен камсыздоо γчγн даярдалып жаткан долбоордун башталышы γчγн тийиштγγ чалгындоо, анализден ѳткѳрγγ, жер тилкелерин тактап, аныктоо жана жергиликтγγ бийлик органдарынын макулдуктарын тактоо максатында 2016-жылдын бюджетинен “Данги-Суу” суу пайдалануучулар коомдук бирикмесине 200 (эки жγз) миң сом акча каражаты бѳлγнγп берилсин.
2. Бѳлγнгѳн каражаттын ѳз убагында “Данги-Суу” суу пайдалануучулар коомдук бирикмесинин эсебине которулушу, каражаттын максаттуу пайдалануусу, жалпы координациялык маселелер Тѳлѳйкѳн айылдык округунун башчысы А. Абдукаримовго жγктѳлсγн.
Төрага | И. Ажиматов |