Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09 июлу № XXV-III
Айылдык округунун жергиликтуу бюджетинде жарандык коргонуу боюнча каралган акча каражаты н максаттуу пайдалануу жөнүндө
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинен, айылдык округу 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетиндеги жарандык коргонууга бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча, жергиликтүү бюджетке мыйзам чегинде өзгөртүү киргизип берүүнү суранган. Бул маселени айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көрүп чыкты. Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин эсебинен жарандык коргонууга 80 миң сом акча каражаты каралган. Бул акча каражатты жарандык коргонуу мыйзамынын негизинде жана жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте көрүп чыгып, көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу депутаттардын айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жарандык коргонуу бөлүмүнө ажыратылган 80 миң сом акча каражатын мыйзам чегинде иштетилиши төмөндөгүдөй өзгөртүрүлсүн:
2. А. Жергиликтүү бюджеттин 1 пайызы-30 миң сом акча каражаты жарандык коргонуу бөлүмүнө калтырылып, жарандык коргонуу боюнча мерчеминдеги иш чараларды аткарууга иштетилсин. Б. Калган 50 миң сом акча каражаты айылдык округунун резервдик фондусуна өткөрүлүп, Беш коргон айылынын көпүрөсүнүн капиталдык ремонттоо иштерине иштетилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган акча каражатты максаттуу пайдалануу айылдык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |