Загрузка документа…
ТѲЛѲЙКѲН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 22-4
2015-жылы Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн жалпы иш-аракети, муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактык социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнγн программаларынын аткарылышы, укуктук, билим берγγ жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин пайдалануу жѳнγндѳ
Тѳлѳйкѳн айылдык кеңешин туруктуу комиссияларынын сунушу боюнча 2015-жылы Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн жалпы иш-аракети, муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактык социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнγн программаларынын аткарылышы, укуктук, билим берγγ жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин пайдалануу жѳнγндѳ, андан тышкары айыл ѳкмѳт тарабынан жергиликтγγ маанидеги жγргγзγп жаткан иштери боюнча Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары У. Кадыровтун билдирγγсγн угуп, талкулап Тѳлѳйкѳн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Тѳлѳйкѳн айыл аймагында Муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактык социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγнγн программаларынын аткарылышы жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин пайдалануу боюнча иш чаралар натыйжасыз жγргγзγлγп жаткандыгына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ченемдик укуктук актылары жана айыл ѳкмѳтγнγн жергиликтγγ маанидеги маселелерди, ыйгарым укуктарын так жана талапка ылайык аткарбагандыгы, ѳз функциалдык милдеттерин аткаруудагы кетирген каталарына байланыштуу Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары У. Кадыровтун жγргγзγп жаткан иштери канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн ченемдик укуктук актыларын так жана талапка ылайык аткарбагандыгы γчγн тиешелγγ укук коргоо органдарына текшерγγгѳ жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнγ ѳзγмѳ калтырамын.
Төрага | И. Ажиматов |