Загрузка документа…
ТѲЛѲЙКѲН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-апрели № 23-1
Кыргызстан айылында жайгашкан “Шакир” дыйкан чарбасына караштуу № 16 кварталындагы 1,10 га жана №15 кварталдагы 0,32 га γлγш жерин жокко чыгаруу жѳнγндѳ
Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы Кыргызстан айылында жайгашкан “Шакир” дыйкан чарбасына караштуу № 16 кварталындагы 1,10 га жана № 15 кварталдагы 0,32 га γлγш жерин жылдыруу боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасынын №1-44-743-16, 24.03.2016-жылдагы каршылык билдирγγсγнγн негизинде (протест) 2015-жылдын 10-февралындагы № 15-3 токтомун карап, Тѳлѳйкѳн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Кыргызстан айылында жайгашкан «Шакир» дыйкан чарбасына караштуу №16 кварталындагы 1,10 га жана №15 кварталдагы 0,32 га γлγш жерин жылдырып берγγ боюнча 2015-жылдын 10-февралындагы №15-3 токтому КРнын мыйзамдарына карама-каршы келгендигине байланыштуу Кара-Суу райондук прокуратурасынын № 1-44-743-16, 24.03.2016-жылдагы каршылык билдирγγсγн (протест) негизинде жокко чыгарылсын.
Төрага | И. Ажиматов |