Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 03
№13 К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин эски авариялык абалдагы 1-2–имараттарын бузуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине, Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КЫРГЫЗНИИПСТРОИТЕЛЬСТВА) Ош комплекистүү бөлүмүнүн 2005-жылдын 21- февралындагы Курбу-Таш айылындагы №13 мектептин имаратын инженердик изилдөөнүн жыйынтыгы жөнүндө техникалык корутундусуна таянып № 13 Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын аталган мектептин эски 1-2-имараттары авариялык абалда болгондугуна байланыштуу 2005-жылдан бери пайдаланылбай тургандыгы жана мезгил өткөн сайын кооптуулукту жаратып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. № 13-К.Калмурзаев атындагы орто мектебинин эски 1-2-имараттары авариялык абалда болгондугуна байланыштуу бузулсун жана орду тазалансын.
2. Кыргыз Республикасынынын мыйзам талаптарына ылайык бузуп иштетүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мектептин эски имаратын бузуп иштетүүнү көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссия түзүлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Жунусалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |