Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 05
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджетинен 754,1 миң сом акча каражатын бюджеттик тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик укуктун негизги принциптери тууралуу“ Мыйзамынын 49-52-беренелерине таянып Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2015-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн бюджеттен 754,1 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселе “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясында” каралып алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2015-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюжетинин чыгашалар боюнча 754,1 миң сом акча каражаты Жалпак-Таш айыл аймагынын Үч-Капчал айылына ФАП куруу үчүн жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Финансы,экономика, бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Р. Суранов |