Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 09 июлу № XXV- IV
Гулистан айылдык округунун Кызыл Сай айылынын Беш Коргон участкасындагы ФАП үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн имарат куруу боюнча жамааттар тарабынан аткарылган иштерди айылдык округунун эсебине алуу жөнүндө
Гулистан айылдык округу жана айылдык кеңешине Кызыл Сай айылынын "Беш Коргон", "Исмаил ата", "Арал" участкаларында элдерди тейлөө боюнча ФАП имаратын жоктугу, бул участкалардан медициналык мекемелерди алыстыгы 5-8 км түзгөндүгү, азыркы күндө бул участкалардын жашоочуларынын саны 2 миңден арткадыгы үчүн ФАП имаратын куруу зарылчылыгы боюнча демилге көтөрүшүп 2011-жылда Беш Коргон жамаатынын жетекчиси Сатыбалдиев Эргеш баш болуп сметалык долбоордун документтеринин негизинде имараттын фундаменти курулган. Айылдык округу жана Ноокат райондук архитектура бөлүмү тарабынан аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, аткарылган иштердин көлөмү сметанын негизинде 142 миң 109 сомду түзгөн. Бул маселени айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көрүп чыгып, тийиштүү толуктоолорду киргизди. Гулистан айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун жана Ноокат райондук архитектура бөлүмү тарабынан Беш Коргон участкасындагы ФАП тын курулушунда аткарылган иштердин сметасына жана түзгөн актынын негизинде айылдык округунун эсебинен алынсын. (Акт тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахимов |