Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № 06
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жер салыктарынын ставкаларын 15% көтөрүү жөнүндө
Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынын жана Мамлекттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын 2016-жылдын 29- январындагы №15 сандуу катынын негизинде КРнын “Салык Кодексинин” 337-беренесине,329-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык салык ставкаларын көтөрүү жөнүндө “Бюжет,салык , финансы,экономикалык саясат жана минуципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып , алардын сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. .Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жылдан тартып КРнын “Салык Кодексинин” 337-беренесине,329-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык айыл чарбасына жарактуу жерлерин,калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына жарактуу эмес же ыңгайсыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыктарынын ставкалары 15% көтөрүү сунушу колдоого алынып бекитилсин .
2. иЖалпак-Таш айыл өкмөтү жер салыктарынын ставкалары 15%га көтөрүлгөндүгү жөнүндө жергиликтүү салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча эсептөөлөрдү жүргүзүүнү колго алсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Финансы, экономика,бюжет ,экономикалык жактан өнүүгүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция масалелери “боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | М. Р. Суранов |
|
Аянт(га) |
ставка |
сумма |
ставка |
сумма |
айырма |
Кайрак айдоо | 2572 | 62,30 | 160235,0 | 75 | 192900,0 | - |
Бийик тоолуу кайрак айдоо | 1171 | 31.15 | 36476,0 | 37,50 | 43912,0 |
|
Чөп ормо | 1019 | 33,60 | 34238 | 40 | 40760 |
|
Бийик тоолуу чөп ормо | 694 | 16,80 | 11659,0 | 20 | 13880,0 |
|
Жайыт | 2581 | 13,90 | 35875,0 | 17 | 43877,0 |
|
|
|
| 278483,00 |
| 335329,00 | 56846,00 |
Айыл өкмөтүнүн башчысы | С. Паизов |
ФЭБ башчысы | О.Суранбаев |