ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги 15-сессиясы
2016-жылдын 26-февралы № 07
Кыргыз Республикасыныны “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Мыйзамынын 49-52-беренелерине ,Кыргыз Республикасыныны “Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине таянып жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 383 токтому менен бекитилген “КРнын Мамалекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктук негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун ылайык Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы С. Паизовдун билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоонун жыйынтыгына ылайык эң жакшы жана жакшы баага татыктуу болгон кызматчыларды сыйлоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам талаптарына ылайык каражат бөлүп сыйлоо иш чараларын өткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, регламент, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |