ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалпак-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги 15-сессиясы
20136-жылдын 26-февралы № 08
Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга киреше булагын көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 31-33-беренелерине ылайык 2016-жылга пландаштырылган экономикалык божомолдорду айыл башчылардын,айыл чарба субъектилердин катышуусу менен алдын ала “Финансы, экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы” карап талкуулап, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата киреше бөлүгүнүн булактарынан ыктыярдуу патенттен 240,0 миң сом, транспорт салыгынан 100,0 жүз мин сом,роялтиден 1606,0 миң сом,калктуу конуштун кен жайгашкан жер аянтарын ижаралоодон 310,0 мин сом жалпы 2256,0 (эки миллион эки жүз элүү алты миң) сом кошумча каражат түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар экендиги белгиленсин.
2. Кошумча киреше түшүрүү “Финансы,экономика,бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы” иштеп чыккан ырастоочу эсеп-кысабынын негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлсүн.
Төрага | М. Р. Суранов |