Загрузка документа…
ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-апрели № 10
Жалпак-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январы N 30 «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 3-пункутуна ылайык жана Жайыт комитетинин төрагасы С.Конурбаевдин билдируусун угуп,талкуулап Жалпак-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ -
1. Жалпак-Таш жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзулгөн иш-планы жана бюджети кирешелер жана чыгашалар сметасы( 1- тиркемеге ылайык ) бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекитилсин: 2016-жылга жайыт пайдалануу учун акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ийри мүйүздүү малга –мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
Кой-эчкилер - мал башына 12 ( он эки ) сом.
Жылкылар - мал башына 60 ( алтымыш ) сом.
Сырттан келген кара мал, жылкы,кой-эчкинин шарттуу мал башына– 200 (эки жуз) сомдон белгиленсин.
3. Икчи жайытка сырттан келген мал- жандыктардын шартуу мал башынан 500(мбеш жүз)сом өлчөмүндө төлөм алынсын
4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланылуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жергиликтүү бюджетке жана келип түшкөн каражаттарды жайыт комитетинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. Жайыт акыдан түшкөн каражаттары биринчи кезекте жайыт комитетинин кызматкерлеринин кызмат акысына жана соц. камсыздандыруу взносторуна каржылансын.
6. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жайыт жана сырткы жайлоолордун жайтка жарамдуу,пайдаланууга боло турган жерлерди мамлекеттик каттоо башкармалыгы менен биргеликте айылдык кенештин токтому менен өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси О.Жакыпбаевге милдеттендирилсин.
7. Жалпак-Таш жайыт пайдаланануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин ишин уюштуруу максатында (алыскы жайлоолорго бар. уу, кенсесин ремонттоо ж.б) айыл өкмөтүнүн бюжетинен 30000 (отуз мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8. Жайыт комитетинин бөлмөсүн ремонттоо иштери жана АРИС койгон талаптарды аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы С.Конурбаевге жүктөлсүн.
9. АРИС долбоорунан бөлүнгөн каражаттын өздүк салымын каржылоодо 150 000 (бир жүз элүү) сом айыл өкмөтүнүн салымы бекитилсин.
10. Жайыт мыйзамынын талаптарын аткарбай ,жайыт билетин албай жана узартпай жайытка чыккан жайыт пайдалануучуларга айып салынаары эскертилсин.
11. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар малын эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө тактаманы айыл өкмөтүнүн ветернария боюнча адисинен алуу жагы милдеттендирилсин.
12. Айыл аймагындагы малдан алынуучу салык жыл башындагы мал санак боюнча эмес ар бир атуулдун кармаган малына же жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын
13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Айыл чарбасы,өнөр жай,курулуш , транспортэнергетика масалелери “ боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Суранов |