Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-февралы № 3
Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн 2015- жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2016- жылга жергиликтγγ бюджетти бекитγγ 2017-2018 жылдарга проектисин кароо жѳнγндѳ маселе айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча турукту комиссиясында алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн бюджеттинин киреше бѳлγгγ 10128,0 миң сомго жана чыгаша бѳлγгγ 10304,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. 2016-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетти кирешелер жана чыгашалары 9588,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин .
3. Айыл ѳкмѳтγндѳ 2017-2018-жылдарга жактырылган болжолдуу кѳрсѳткγчтѳр № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталуу жактаары белгиленсин.
4. Мыйзам менен каралган ыйгарым укутардын чектеринде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорлатуу боюнча жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтγγ бюджеттердин кирешесин кѳбѳйтγγсγ ушул 2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга тендѳѳчγ грантардын ѳлчѳмдѳрγнγн ѳзгѳртγγ γчγн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 10 ,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
6. Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтγγ бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер( эмгек акы.социалдык фондко чегерγγ .тамак-аш.дары-дармек жана милдеттγγ медициналык камсыздандырууга чегерγγлѳр) комуналдык кызматтар (электр энергия,кѳмγр,суу) боюнча жγзѳгѳ ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына тендѳѳчγ гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтγγлѳр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен тендѳѳчγ гранттардын эсебинен комуналдык кызмат кѳрсѳтγγлѳр боюнча чыгашаларды толук каржылоо γчγн жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышары белгиленсин.
9. Бюджеттик мекемелер,чарба жγргγзγγчγ субѳектер жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттары тиешелγγ бюджеттерге ѳндγрγп алынаары эске алынсын.
10. Казына системасын четтеп ѳтγγ менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Кѳрсѳтγлгѳн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык айыл ѳкмѳтγнγн бюджетти боюнча жγргγзγлгѳн накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
12. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Куманбеков |