Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13 октябры №XXVI-I
Гулистан айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча киреше ( 325,5 миң сомду эсепке алып, 2012-жылдагы жергиликтүү бюджеттин сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гулистан айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджети 2958,7 миң сомду түзүп, азыркы күндө жергиликтүү бюджетке кыймылсыз мулк салыгынан тышкары түшкөн киреше 3284,2 миң сом болжолдоннудо. Айырмасы 385,5 миң сомду түзөт. Айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы айылдык округунун жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча кирешелер боюнча сметаны көрүп чыгып, тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетине түшкөн кошумча киреше 385,5 миң сомду эсепке алып, жергиликтүү бюджеттин сметасы жана планына өзгөртүүлөрдүн №1, №2, №3 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
2. Бекитилген жергиликтүү бюджеттин сметасынын негизинде каржылоо айылдык округуна тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахнмов
|