Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-марты № 15
Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн элдеринин малын бакмачыга берγγдѳ малчынын кызмат аксын белгилѳѳ жана айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилγγчγ жайыт тѳлѳмγ жѳнγндѳ
Ийри-Суу айылдык кенешинин (V- шайланган) кезектеги 25-сессиясынын кγн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн элдеринин малын бакмачыга берγγдѳ малчынын кызмат аксын белгилѳѳ жана айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы мал жандыктарынын ар бир башына чегерилγγчγ жайыт тѳлѳмγ жѳнγндѳгγ маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал багуучулар бир баш кой- эчкиге 70 сомдон, бир баш кара малга 350 сомдон, бир баш жылкыга 400 сомдон кызмат акысы алынсын.
2. Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн аймагында бир баш кара малга 75 сом, бир баш жылкыга 75 сом , кой- эчкинин ар бир башына 15 сомдон жайыт тѳлѳмγ бекитилсин.
3. Башка жактан келген кара малга 150 сом , бир баш жылкыга 150 сом , кой – эчкинин ар бир башына 30 сомдон жайыт тѳлѳмγ бекитилсин.
4. Ар бир мал башына чегерилген малдын салыгын мал баккан бакмачылардан алуу жагы бекитилсин.
5. Ар бир мал бакмачы айыл аймагындагы ортонку жана жогорку жайыттарга жатактоо боюнча жайыт комитетинин тѳрагасы Арапбаев Нургазы менен келишим тγзγп чыгышсын.
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Арапбаев Нургазыга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |