Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 28
Жайыт комитетинин тѳрагасынын 2015- жылдагы 9- айлык отчетун угуу жѳнγндѳ
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( V шайланган ) кезектγγ XХI- сессиясынын кγн тарбиндеги Жайыт комитетинин тѳрагасынын 2015- жылдагы 9- айлык отчетун угуу жѳнγндѳ маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн Жайыт комитетинин тѳрагасынын 2015- жылдагы 9- айлык отчету канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнγн жайыт комитетинин тѳрагасы Нышанов Сайдиллага 2015- жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык планды аткаруу жагы эскерилсин. Жылдык план толугу менен аткарылбаса кызмат орду каралсын.
3. Токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет комиссиясынын тѳрагасы Б. Мусаевге жγктѳлсγн.
Төрага | С. Курманбеков |