Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 ноябры № XXVII-II
Айылдык округунун жергиликтуу бюджетин; жарандык коргонуу боюнча каралган акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун кеңешинен айылдык округу 2012-жылдын жергиликтүү бюджетиндеги жарандык коргонууга бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу боюнча, жергиликтүү бюджетке мыйзам чегинде өзгөртүү киргизип берүүнү суранган. Бул маселени айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы көрүп чыкты. Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин эсебинен 701 бөлүмүнүн 3112 статьясына 250 миң сом акча каражаты каралган. Бул акча каражатынын 125 миң сому иштетилген. Калган 55 миң сому турат, туруктуу комиссия менен көрүп чыгып, көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу депутаттардын айылдык округунун кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 701 бөлүмүнүн 3112 статьясында каралган 55 миң сом акча каражатын мыйзам чегинде иштетилиши төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн: а) Калган 55 миң сом акча каражаты айылдык округунун 709 бөлүмүнүн 3112 статьясына өткөрүлүп, Р. Хужамов атындагы мектеп үчүн компьютер сатып алуу үчүн иштетилсин.
2. Жергиликтуу бюджеттин эсебинен каралган акча каражатын максаттуу пайдалануу айылдык округуна тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахнмов |