ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1
Ленин айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларынын аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысы-Ч. Мурзакановдун отчету
Күн тартибиндеги биринчи маселени угуп жана талкуулап ”ЖӨАБ жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын” 31-беренесинин 2-пункутунун 3-пункутчасынын негизинде Ленин айылдык кеңештин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программаларынын аткарылышы боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Мурзакановдун отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2015-жыл ичинде аткарууга жатып, бирок аткарылбаган иштер боюнча иш-чара түзүп аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Курманалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |