Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык сан-эсеби жана түзүмү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлеринин штаттык сан-эсеби жана түзүмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Айыл өкмөт башчысы – 1;
2) Жооптуу катчы – 1;
3) Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы – 1;
4) Экономист-статист, башкы адис – 1;
5) Кирешелер боюнча башкы адис – 1;
6) Социалдык маселелер боюнча башкы адис – 1;
7) Айыл чарбасы боюнча башкы адис – 1;
8) Айыл башчылар, жетектөөчү адис – 2;
9) Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис – 1;
10) Кирешелер боюнча жетектөөчү адис, салыкчы – 1;
11) Бухгалтер – кассир, жетектөөчү адис – 1;
12) ВУСтун инспектору, адистер – 2;
13) Кирешелер боюнча адис – 1;
14) Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис – 1;
Техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер:
15) Шофер – 1;
16) Техничка, кароол – 1.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Курманалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Токтосунов |