Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы

 

2016-жылдын 12-февралы № 6

Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын” 31-беренесинин 2-пункутунун 4-пункутчасына ылайык Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарбасына жарактуу жерлерге жергиликтүү салыктардын өлчөмү 1,0 га үлүш жер участкалары үчүн сугат жерге – 414 сом, бак-дарак жерлерге – 220 сом, кайракы жерлерге - 41 сом 30 тыйын, там арка салыгы 1 сотых жерге 10,0 сом болуп бекитилсин.

2. Айыл чарбасына жараксыз жана там арка жерлерден салыктын көлөмүн аныктоочу жергиликтүү коэффициент К-1 ге барабар болсун.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана бюджет-экономика боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизуу жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Курманалиевке  милдеттендирилсин.

5. Токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

Б. Токтосунов