Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-февралы № 8
Орто-Сай айылындагы бала-бакча жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутат Тойчуев Айтинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйналышынын төрагасы Э. Омошевтен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан бала бакчаны “Жүзүм-Шарап акционердик коомунун” менчигенен муниципалдык менчикке кайтарып алууга көмөктөшүү үчүн депутаттардын атынан кат жолдоого суралсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы К. Курманалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде айыл өкмөттүн интернет тармагындагы расмий сайтына жарыялансын.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Б. Токтосунов |