Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-февралы № 316
ОШ шаарынын бюджетинин аткарылышын, Ош шаарынын 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдарга божомолун, 2016-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн божомолун бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 16-январындагы № 11/08-6 Ош шаарынын жергиликтγγ бюджетинин 2016-жылга долбоорун жана 2017-2018-жылдарга божомолун кароо жѳнγндѳ катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депуттатык комиссиясынын 2016-жылдын 20-январындагы №1 жана №2- токтомдорун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрγнγн божомолу № 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2016-жылга Ош шаарынын жергиликтγγ бюджети кирешелери жана чыгашалары боюнча 1 034 759,0 миң сом, 2017-жылга божомолу 1 106 900,0 миң сом жана 2018-жылга божомолу 1 195 987,0 мин сом суммасында № 2, № 3, № 4 жана № 5- тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерγγлѳрдγн ченемдери «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жѳнγндѳгγ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленсин.
4. 2016-жылга башкаруу органдарын каржылоого кетγγчγ чыгымдар №6- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардагы тейлѳѳ тармагындагы муниципалдык мекемелерге, атап айтканда «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, «Ош шамы» гезитинин редакциясына, Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармасына, А.Суйумбаев атындагы шаардык стадионуна жана «Алай» футболдук клубуна, «Шаардык сγт ашканасы» муниципалдык ишканасына жергиликтγγ бюджеттин эсебинен берилγγчγ субсидиялар №7- тиркемеге ылайык каралсын.
6. Ош шаарынын жергиликтγγ бюджетинин эсебинен шаардагы мектептердин 1-4-класстарда окуган окуучулардын тамактануусун уюштуруу (ченеми бир окуучуга кγнγнѳ 2016-жылдын 1-январынан 7 сом, 1-сентябрынан 10 сом эсебинде) жана ѳз убагында камсыз кылуу жагы Ош шаардык билим берγγ башкармалыгына милдеттендирилсин.
7. Ош шаарынын коомдук муниципалдык жγргγнчγлγк автоунааларында жеңилдиктерден пайдаланып жγрγγгѳ укуктуу жарандардын жол кире акысы γчγн тѳлѳнγγчγ компенсацияга субсидия 17 000,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
8. Бγткγл дγйнѳлγк банк, Европалык реконструкциялоо жана ѳнγгγγ банкы аркылуу алынган кредиттерди жоюуга 45 000,0 миң сом акча каражаты каралсын.
9. «Ош жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасына 20 627,2 миң сом субсидия Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан берилген ссуданы тѳлѳѳ γчγн каралсын.
10.2016–жылдын 1-январынан «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынынын жана Ош шаардык кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу комбинатынын жумушчуларынын (шыпыруучу, айдоочу, тγрдγγ иштерди аткаруучу жумушчулар) эмгек акысы бир айга 9800 сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
11. Шаардык бюджеттин чыгаша бѳлγгγ 2016-жылга тγшкѳн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондго чегерγγ, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин жана башка максаттарга бѳлγнгѳн акча каражаттарын туура жана так иштетγγ боюнча жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жγктѳлсγн.
12. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын аймактык Казына бѳлγмγнѳн сырткары колдонууга тыюу салынсын. Кѳрсѳтγлгѳн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγнѳ алынсын.
13. Жергиликтγγ бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылануучу иш чаралар №8- тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Шаардагы мектептердин мугалимдеринин, медицина тармагындагы медайымдардын, санитаркалардын коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ женилдиктер γчγн айына бир адамга 300 сом ѳлчѳмγндѳ жергиликтγγ бюджеттин эсебинен бекитилсин.
15. 2016-жылдын 1-январына карата Ош шаарынын жергиликтγγ бюджети боюнча жγгγртγлγγчγ кассалык накталай акча 1 300,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.
16. Шаардын 2014-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 1 054 597,9 миң сом, чыгаша бѳлγгγ 1 003 988,0 миң сом, кирешелердин чыгашалардан 50 609,9 миң сомго ашыкча отчету бекитилсин.
17. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.):
-Ош шаарынынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасында каралган акча каражаттарынын максаттуу каржылануусу;
-Ош шаардык капиталдык курулуш жана шаардык жолдор башкармалыктарынын 2016-жылга тγзγлгѳн титулдук баракчаларында курулуш иштерине бѳлγнгѳн акча каражаттарын ѳз убагында так жана толугу менен аткаруусу милдеттендирилсин.
18. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы (Э.Чоюнов), Мамлекеттик салык кызматынын тγштγк аймактар боюнча ири салык тѳлѳѳчγлѳрдγ кѳзѳмѳлдѳѳ башкармалыгы (Н.Орозматов) жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы (А.Семетеев) 2016-жылдын бюджетинде бекитилген киреше бѳлγктѳрγ (ар бир тγрγ боюнча) толугу менен ѳз убагында сапаттуу аткарылышы камсыз кылынсын.
19. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
20. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) тапшырылсын.
Төрага | А. Аланов |
Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы кезексиз ХXXVII сессиясынын №316-токтомуна тиркеме |
№ | Аталышы | Бирдик ѳлчѳмγ | 2014-жыл факт | 2015-жыл алдын ала иш жγзγндѳ | 2016-жыл болжол | Анын ичинде | |||
I квартал | II квартал | III квартал | IV квартал | ||||||
1 | Региондук дγң продукт
| Млн. сом | 21630,6 | 22000,0 | 23541,3 | - | - | - |
|
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата% менен | % | 101,5 | 104,9 | 104,4 | - | - | - |
| |
2 | Айыл чарбасынын дγң продукциясы | Млн. сом | 729,6 | 843,8 | 755,5 | 122,7 | 99,6 | 453,3 | 79,9 |
Физикалык кѳлѳмдγн индекси мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 101,6 | 104,9 | 100,9 | 99,9 | 100,5 | 101,2 | 100,0 | |
3 | Ѳнѳр-жайдын дγң продукциясы | Млн. сом | 3224,1 | 3297,4 | 3610,1 | - | - | - | - |
Физикалык кѳлѳмдγн индекси мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 109,7 | 106,1 | 106,4 | - | - | - | - | |
4 | Ѳнѳр-жай продукциясынын кѳлѳмγ | Млн. сом | 2798,0 | 3332,7 | 3368,4 | 1079,6 | 672,9 | 818,2 | 797,7 |
Физикалык кѳлѳмдγн индекси мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 109,7 | 111,3 | 105,8 | 103,1 | 103,5 | 104,1 | 104,6 | |
5 | Кызмат кѳрсѳтγγ чѳйрѳсγнγн дγң чыгарылышы | Млн. сом | 19349,4 | 21697,2 | 24324,3 | - | - | - | - |
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 103,2 | 104,7 | 103,9 | - | - | - | - | |
6 | Дγң жана чекене сооданын дγң чыгарылышы, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо | Млн. сом | 8653,5 | 9867,3 | 11514,0 | - | - | - | - |
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 104,8 | 104,9 | 105,6 | - | - | - | - | |
7 | Кѳрсѳтγлгѳн рынок кызматтарынын кѳлѳмγ | Млн. сом | 40904,6 | 43877,1 | 51355,7 | 10332,4 | 11036,8 | 13563,3 | 16423,2 |
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 103,0 | 103,6 | 105,5 | 104,2 | 105,4 | 105,3 | 105,5 | |
8 | Дγң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо |
Млн. сом |
33434,0 |
36075,2 |
42874,1 |
8869,4 |
9404,7 |
10648,8 |
13951,2 |
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 106,4 | 103,7 | 105,7 | 105,1 | 105,9 | 105,4 | 105,8 | |
9 | Курулуштун дγң продукциясы | Млн. сом | 3203,6 | 3718,4 | 3639,5 | 308,7 | 1291,3 | 817,6 | 1221,9 |
Реалдуу ѳсγγ темпи мурунку жылдын тийиштγγ мезгилине карата % менен | % | 112,0 | 100,8 | 106,4 | 103,4 | 111,4 | 105,8 | 105,9 | |
10 | Негизги капиталга инвестициялардын кѳлѳмγ | Млн. сом | 2330,5 | 2828,5 | 4245,9 | 336,1 | 1316,2 | 841,8 | 1751,8 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |
2016-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш чаралар | ||
|
| |
|
| (миң сом) |
|
|
|
|
|
|
№ п/п | Иш чаралар | суммалар |
1 | Ош шаарынын билим берγγ тармагында эмгектенген мугалимдердин коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ жеңилдиктерге (1 кызматкерге айына 300 сомдон ) | 9 700,8 |
2 | Ош шаарынын медицина тармагында эмгектенген медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык тѳлѳмдѳрγнѳ жеңилдиктерге (1 кызматкерге айына 300 сомдон ) | 6 900,0 |
3 | Афган согушунун катышуучуларынын жана ветерандарынын ар тγрдγγ иш чараларын ѳткѳрγγгѳ | 400,0 |
4 | Чернобыль атомдук электростанциясындагы авариянын кесепеттерин жоюууга катышкандардын, инвалиддердин ар тγрдγγ иш чараларына | 350,0 |
5 | Ош шаарынын социалдык жактан муктаж болгон жарандарына жардам кѳрсѳтγγгѳ | 1 500,0 |
6 | Кыргыз азиздер жана дγлѳйлѳр коомунун ар тγрдγγ иш чараларын ѳткѳрγγгѳ | 400,0 |
7 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ агенттигинин ѳкγлчγлγк чыгымдарына | 500,0 |
8 | "Бγчγр" калыбына келтирγγ борборуна 4 штаттык бирдик кармоого | 387,0 |
9 | ВИЧ СПИД оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам кѳрсѳтγγгѳ (12 балага) | 144,0 |
10 | Ош шаарындагы №11, 12-мектеп интернатында, "Лотос" жана "Алтын-Уя" балдар γйγндѳ тарбияланып жаткан бир балага берилγγчγ тамак аш нормасына кошумча каражат бѳлγп берγγгѳ | 3 188,3 |
11 | №30, №25, №66-бала бакчаларга кошумча 1,5 дефектолог, 1,5 медсестра, 0,5 массажист, 1,25 дене тарбия машыктыруучу кармоого (4,75) | 446,2 |
12 | Шаардык Кеңештеги курьердик кызматтарды аткаруучуга айлык акы жана кγйγγчγ майга тѳлѳѳ γчγн | 173,3 |
13 | Аймактык кенештердеги аксакалдар сотторунун тѳрагаларын сыйлоого жана канцтовар алууга | 405,8 |
14 | Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматына кошумча 30 штаттык бирдик кармоого | 4 861,8 |
15 | Ош шаардык Кенешинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкерлердин эмгек акысына 2500 сом, тазалоочуга 3075 сом) | 2 008,6 |
16 | Ош шаардык мэриясынын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкерлердин эмгек акысына 1200-2500 сом, тазалоочуларына 3075 сомдон) | 5 186,1 |
17 | Ош шаарынын коомчулук менен байланыш кызматынын кызматкердин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкердин эмгек акысына 600 сом) | 328,4 |
18 | Ош шаарынын мэриясынын автогаражынын кызматкерлеринин эмгек акысына 2500 сомдон кошумча тѳлѳѳгѳ | 1 004,4 |
19 | Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштарды жана бизнес чѳйрѳнγ ѳнγктγрγγ агенттигинин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча тѳлѳѳгѳ (жоопту кызматкерлердин эмгек акысына 50 пайыздан, тейлѳѳчγ кызматкерлердин эмгек акысына 1200-2000 сомдон) | 886,1 |
20 | Шаардагы №29 Дарман, №40 Наристе жана №30 "Ай-Данек" атайын бала бакчаларында тарбияланган балдардын тамак-ашына кошумча | 2 589,9 |
21 | Муниципалдык кызматкерлерге материалдык жардам кѳрсѳтγγгѳ | 1 911,0 |
22 | Ош шаарындагы чумага каршы бѳлγмдγн имаратынын жана чарбалык курулуштарын био-террордук аракеттерден коргоо γчγн | 500,0 |
23 | Ош шаардык билим берγγ башкармалыгынын аппаратына 4 кошумча штаттык бирдик кармоого - 420,0 миң сом, усулканасынын 6 кызматкеринин эмгек акысына айына кошумча 3000 сомдон тѳлѳѳгѳ - 253,3 миң сом | 673,3 |
24 | Ош шаардык каржы башкармалыгына 1 кошумча штаттык бирдик кармоого | 110,0 |
25 | Кыргызстан элинин Ассамблеясынын "Достук γйγ" Ош шаарындагы бѳлγмγнγн ар тγрдγγ иш чараларына | 250,0 |
| Баары: | 44 805,0 |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |