Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 ноябры № XXVII-III
Гулистан айылдык округунун аймагындагы айыл чарбасына арналбаган жер салыгын жана мүлк салыгын Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин негизинде зоналдык коэффициентин бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Гулистан айылдык округунун Кеңеши айылдык округунун Кыргыз Республикасынын салык Кодесинин негизинде аймактагы айыл чарбасына арналбаган жер салыгын коэффициентин (К2) бекитип берүү жагын карап чыкты.
Гулистан айылдык округунун кеңеши бул маселени көрүп чыгып, Кыргыз Республикасынын салык Кодекси жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамынын негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округунун аймагында айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэффициентин (К2) Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339-беренесинин 8 бөлүкчөсүнүн негизинде өлчөмү 1деп алынсын.
2. Айылдык округунун аймагында мүлк салыгынын зоналдык коэффициентин (К2) Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 327-беренесинин 8 бөлүкчөсүнүн негизинде өлчөмү 1 деп алынсын.
3. Айылдык округунун аймагында Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 беренесинин негизинде таштанды ташуудан алынуучу жыйымдар:
· Физикалык тараптардан таштанды ташуудан алынуучу жыйым ар бир кожолукка 100 (жүз) сом деп белгиленсин.
· Юридикалык тараптардан таштанды ташуудан алынуучу жыйым ар бир жумушчуга 50 (элүү) сом деп белгиленсин.
· Айылдык округунун аймагында автотранспортту парковкалоодон алынуучу жыйым өлчөмү саатына 10 (он) сом деп белгиленсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахнмов |