Загрузка документа…
ТѲЛѲЙКѲН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-октябры № 19-5
Тѳлѳйкѳн айыл аймагындагы 2015-2016-жылдардын кыш мезгилине даярдык кѳрγγ боюнча аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳрдγ кѳмγр менен камсыздоо максатында Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн соц.адиси К. Мухамбетованын билдирγγсγн угуп жана талкуулап Тѳлѳйкѳн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳлѳйкѳн айыл аймагындагы айылдардагы майып, тоголок жетим, аз камсыз болгон 20 (жыйырма) γй-бγлѳгѳ 500кгдан кѳмγр алып берγγ γчγн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнγп берилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышы ФЭБ башчысы Г. Бердиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Тѳлѳйкѳн айыл ѳкмѳтγнγн башчысы А. Абдукаримовго жγктѳлсγн.
Төрага | И. Ажиматов |