Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-январы № 24/2
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 26-сентябрындагы №150-токтомунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында Кочкор айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтү боюнча Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочуларынын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Деркембаев Шаршенбек Асыкулович, Сапаев Адамбек ,Садырбаев Кубанычбек Идирисович, Бейшекеева Светлана Абдыкеримовна, Деркембаев Карыпбек Момункуловичтердин талакекерликтери сунушталсын.
3. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлерди Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Аситов |