Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19 ноябры № XXVII- IV
Айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин эсебинен Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдардын штатын бирдигин кармоого жана түрдүк жардамдар көрсөтүүгө мыйзам чегинде жол бербөө жөнүндө
Гулистан айылдык кеңеши айылдык округунун 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын туруктуу комиссия менен карап чыгып, айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджеттин эсебинен Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдун штаттык бирдиги кармалып каржылангандыгы аныкталды.
Айылдык Кеңеш 2012-жылдын 2-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айылдык округунун бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышын текшерип чыгып, берген көрсөтмөсүнүн негизинде айылдык округунун жергиликтүү бюджетинен максаттуу пайдалануу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айылдык округуна
-Айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу уюмдардын штаттык бирдигин кармоого жана каржылоого мыйзам чегинде чек коюлсун.
2. Айылдык округунун 2012-жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1 штаттык бирдиги кармалып, андан болгон карызы 142 миң 340 сомду түзгөн. Бул акча каражатты 2013-жылда жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөп берүүгө мыйзам чегинде тыюу салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Абдурахнмов |